Четверг, 02.05.2024, 05:55
Вы вошли как Гость | Группа "Гости"Приветствую Вас Гость | RSS
Главная | Положение ДО ЖАГУ | Мой профиль |  | Выход | Вход
Форма входа
Меню сайта

Статистика

Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Календарь
«  Май 2024  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031

Архив записей

Друзья сайта

"ЖАКТЫРЫЛДЫ"                                                                                    "БЕКИТЕМИН"
ЖАМУнун Окмуштуулар кенеши                                                                ЖАМУнун ректору
Пр.№7.  06.07.2012 ж.                                                                                 А.Абдрашев
                                                                                                                   _______________
                                                                                                                     07.07.2012 ж.


ЖАМУда «ДИСТАНТТЫК ОКУТУУНУ» уюштуруу
ЖОБОСУ


1. Жобо, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинин (Кыргыз республикасынын ёкмётщнщн 2011 жылдын 28-августундагы № 496 токтомунун), Дистанциялык билим берщщнщн талаптарынын (ББИ министирлиги бекиткен) негизинде, ЖАМУнун уставына ылайык даярдалган.
2. Дистанттык окутууну уюштуруунун максаты: дистанттык формада окуган студенттерге, маалымат-байланыш каражаттарын пайдаланып, окуусуна жана сапаттуу билим алышына шарт тщзщщ.
3. Студенттерди дистанттык окуу формасына кабыл алуу. Студенттерди дистанттык окуу формасына кабыл алуу ББИ министрлиги тарабынан бекитилген жана ЖАМУда кабыл алынган жобонун негизинде жүргүзүлөт.
4. Студенттерди дистанттык окуу формасына каттоо. Студенттерди дистанттык окуу формасына каттоо, кабыл алуу буйругунун негизинде, деканаттын методисттери тарабынан жүргүз үзүлөт жана көзөмөл кылына. Студентке өздүк белги берет жана окуу тайпаларын түзөт.
5. Багыттоочу сессия. Окуу баштарга чейин багыттоочу сессия өткөзүлөт.
5.1. Багыттоочу сессияда студенттерге дистанттык окуунун өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлөт.
5.2. Электрондук окуу куралдарын, маалымат булактарын пайдалануунун ыкмалары көрсөтүлөт.
5.3. Деканат жана окутуучулар менен интернет аркалуу байланышуу үйрөтүлөт.
5.4. Окуу планы жана графиги менен тааныштырылат. ЖАМУнун окуу тартиби менен тааныштырылат.
5.5. Дисциплиналардан жалпы баяндоочу лекциялар өтүлөт, тапшырмалар берилет.
5.6. Студенттерге окуу-усулдук колдонмо берилет. Колдонмого окуу жылынын графиги, дистанттык окуу боюнча көрсөтмө, электрондук окуу усулдук колдонмолор (ЭОУК), студенттердин оз алдынча иштөөсүн жана билимин текшерүү ыкмалары жөнүндө маалыматтар.
6. Электрондук окуу усулдук колдонмолор.
6.1. ЖАМУнун веб-сайтында, ЭОУКтун курамында төмөнкү материалдар болушу керек (жоопту тиешелүү кафедралар):
- окуу планы, дисциплиналардын программалары;
- семестрде каралган дисциплиналардын лекциялык, теориялык материалдары;
- дисциплиналардан негизги жана кошумча окуу куралдарынын тизмеси;
- семестрдеги дисциплиналардан текшерщщ иштери жана усулдук кёрсётмёлёр;
- лабораториялык иштерди аткаруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр;
- семинардык сабактар боюнча усулдук көсөтмөлөр;
-курстук иштер жана проектилердин тапшырмалары, тиешелүү усулдук көрсөтмөлөр;
- семестрде каралган практикалардан тапшырмалар жана усулдук көрсөтмөлөр;
- дипломдук иштерди жана проектилерди аткаруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр;
- өз алдынча иштөө үчүн суроолор жана тестик тапшырмалар;
- окутуучулардын кеңештеринин графиги жана убактысы, ж.б.м.
6.2. Баардык ЭОУКдар студенттерге пайдалануу үчүн бекер берилет.

7. Дистанттык окуу процессин уюштуруу.
7.1. Окуу процесси дистанттык окуу технологияларын колдонуу менен жүргүзүлөт.
7.2. Окуу графигинин негизинде студенттер баардык аудиториялык сабактарга катышууга милдеттүү. Окуу планында каралган тапшырмаларды, сынактарды ЖАМУда, жадыбалдын негизинде, өздөрү окутуучуларга тапшырышат.
7.3. Тиешелүү шарттар болгондо, кээ бир дисциплиналардан, окутуучунун сунушу, кафедранын чечими, окуу иштери проректорунун буйругу менен, текшерүүлөр (зачет) жана сынактар (экзамен) интернет байланышын колдонуп алынышы мүмкүн.
7.4. Студенттерге окуу боюнча кеңеш берүү төмөнкүчө болушу мүмкүн:
- жекече, окутуучу менен жолугуп;
- электрондук почта аркалуу;
- интернет аркалуу;
- сынактардын алдындагы кеңештер ЖАМУда, жадыбал боюнча студенттердин катышуусу менен өткөзүлөт.
7.5. Практикалар ЖАМУда кабыл алынган жобонун негизинде өткөзүлөт.
7.6. Курстук проектилер, иштер, текшерүү иштери ЖАМУда белгиленген тартип менен кабыл алынат жана бааланат.
7.7. Дистанттык формада окуган студенттерди курстан курска көчүрүү, студенттердин катарынан чыгаруу жана тикелөө, ЖАМУда кабыл алынган жоболордун жана эрежелердин негизинде жүргүзүлөт.
7.8. Деканаттын иш кагаздары ЖАМУда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8. Дистанттык окууну уюштуруу боюнча кызматтардын жана бөлүмдөрдүн иш аракеттери.
8.1. Деканат:
8.1.1. Студенттерге ёздщк каттоо санын жана электрондук адресин берип, алардын интернет аркалуу деканат Жана окутуучулар менен ёз ара иштешине шарт тщзёт;
8.1.2. Окутуучуларга ёздщк каттоо санын жана электрондук адресин берип, алардын интернет аркалуу студенттер менен ёз ара иштешине шарт тщзёт;
8.1.3. Дистанттык окутуу графигин тщзёт, кафедраларга, окутуучуларга жана студенттерге жёнётёт;
8.1.4. ЖАМУнун веб-сайтында адистиктер жана предметтер боюнча бирдиктщщ маалымат борборун тщзёт;
8.1.5. Окутуучуларга окуу графигнин негизинде сынак баракчаларын берет, алардын ёз убагында окутуучулар тарабынан толтурулуп, кайра тапшырылышын кёзёмёл кылат;
8.1.6. Студенттердин окуу акысын белгиленген мёёнёттё тёлёшщн кёзёмёл кылат;
8.1.7. Кафедралар тарабынан бекитилген дисциплиналардан окуу усулдук колдонмолордун электрондук нускаларынын талапка ылайык даярдалып, ЖАМУнун маалымат борборуна тапшырылышын кёзёмёл кылат;
8.1.8. Дистанттык формада окуган студенттердин окуусун ЖАМУда кабыл алынган жоболордун негизинде уюштурат.
8.2. Окутуучу:
8.2.1. Өзщнё бекитилген предметтерден, адистигине жараша, мамлекеттик билим берщщ стандартына ылайык жумушчу программанын, окуу-усулдук куралдарынын электрондук нускасын иштеп чыгат, маалымат борборуна тапшырат;
8.2.2. Өзщнё бекитилген предметтерден учурдагы жана жыйынтыктоочу сыноолорду тапшыруунун ирээтин жана аларды балоонун эрэжесин иштеп чыгат, электрондук нускасын маалымат борборуна тапшырат;
8.2.3. Өзщнё бекитилген студенттерге тиешелщщ кеъештерди берет жана студенттердин аткарган иштерин кабыл алат;
8.2.4. Окуу графигине ылайык аудиториялык сабактарды, кеъештерди ёткёзёт, сынактарды алат, декенатка отчет берет.
8.3. Студент:
8.3.1. Өз алдынча ЖАМУнун интернет сайтынан, семестрде бекитилиген предметтердин жумушчу программаларынын, окуу-усулдук куралдарынын электрондук нускасы менен таанышып, анда каралган тапшырмаларды аткарып, декенатка жёнётёт;
8.3.2. Предметтердин учурдагы жана жыйынтыктоочу сыноолорун тапшыруу ирээти жана аларды балоонун эрэжеси менен танышып, даярданат;
8.3.3. Окуу графигине ылайык окуу жылдын аягында окуу-сыноо сессиясына келет, баардык окуу иштерин аткарат, сынак баракчаларын жана китепчесин тактап, толтуруп, декенатта каттоодон ёткёзёт;
8.4. Кафедралар:
8.4.1. Дисциплиналар боюнча керектүү материалдык жана программалык камсыздоону аныктайт жана ишке ашырат. Окутуучулар тарабынан дистанттык окутуу технологияларынын колдонулушун камсыз кылат жана көзөмөлдөйт.
8.4.2. Кафедрага бекитилген дисциплиналардан ЭОУКтардын даярдалышын жана белгиленген тартипте экспертизадан өтүшүн камсыз кылат. Кафедра башчысы ЭОУКтардын көлөмүнүн, мазмунунун жана маанисинин мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп беришин камсыз кылат жана анын сакталышына жооп берет.
8.4.3. ДОТну колдонуп иштеген окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүшүн камсыз кылат.
8.4.4. ДОТуну иштеп чыгуу, ЭОУКтарды даярдоо, студенттерге кеңеш бурүү, усулдук , илимий иштерди ж.б. багыттар боюнча убакыт ченемдердин (нормы времени) долбоорун иштеп чыгат, бекитүү үчүн ОУ жана СДга сунуш кылат.
8.5. Дистанттык окутуу борбору:
8.5.1. ОУ жана СД менен дистанттык окуу боюнча тиешелүү жоболорду, эрежелерди, усулдук көрсөтмөлөрдү, программаларды даярдоону ЖАМУ боюнча жалпысынан иштеп чыгууну, колдонууну жана көзөмөлдөөнү уюштурат.
8.5.2. Кафедраларга ЭОУКтарды даярдашына, электрондук базага кошушуна жардам берет. ЭОУКтун базасын түзүүнү уюштурат.
8.5.3. Дистанттык окутуу технологияларын үйрөнүүнү жана колдонууну үчүн атайын жабдылган усулдук борбор уюштурат, анын такай иштешин камсыз кылат. Дистанттык окутуу технологияларын үйрөнүүнү жана колдонууну уюштурат.
8.6. Окуу усулдук жана Сапат департаменти:
8.6.1. ДОну камсыз кылуу үчүн керектүү укуктук-мызамдык документтерди, жобо эрежелерди иштеп чыгууну, алардын аткарылышын камсыз кылат.
8.6.2. Факультеттерде, кафедраларда ДОТну колдонуп окутулган дисциплиналарды аныктайт, алардын усулдук, техникалык жана материалдык камсыз болушун көзөмөлдөйт.
8.6.3. ЭОУКтарга коюлуучу талаптарды аныктайт, окутуучулар, кафедралар тарабынан алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.
8.6.4. ДОну уюштурууда ЖАМУда кабыл алынган тартиптин, иш кагаздарынын, окуу графигинин, ж.б. документтердин сакталышын көзөмөл кылат. ДОТуну колдонуп окутууну жакшыртуу боюнча сунуштарды дардайт.
8.6.5. ДОну колдонуп иштеген окутуучулардын, кафедралардын ишине байкоо (мониторинг) жүргүзөт, алардын сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды берет.
8.7. Интеллект маалымат борбору:
8.7.1. Кафедралардан программаларга, компьютерлерге жана жабдыктарга болгон суроо талаптарды кабыл алат, аларды камсыз кылат.
8.7.2. Кафедраларга, бөлүмдөргө тиешелүү электрондук жабдыктарды, программаларды, орнотот, оңдойт, алардын такай иштешин камсыз кылат.
8.7.3. Интернет желесинин сапаттуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.
8.8. Библиотека маалымат борбору. Электрондук китепкананын иштешин жана толукталып турушун камсыз кылат.


ДОИнин директору                                                             А. Каримов


МАКУЛДАШЫЛДЫ:
Окуу иштер проректору                                                      К.Ж. Усенов

ОУ жана СД директору                                                      Ч.Ш. Исмаилова



Oloconsoft © 2024