Четверг, 02.05.2024, 08:17
Вы вошли как Гость | Группа "Гости"Приветствую Вас Гость | RSS
Главная | Требование ЭУМК | Мой профиль |  | Выход | Вход
Форма входа
Меню сайта

Статистика

Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Календарь
«  Май 2024  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031

Архив записей

Друзья сайта

БЕКИТЕМИН

Окуу иштер проректору

 К.Ж. Усенов

____________________

25.08.2012 ж.


Дистанттык окутуу үчүн электрондук окуу усулдук комплексти даярдоо боюнча көрсөтмөлөр

 I. Жалпы көрсөтмөлөр

 1. Электрондук окуу усулдук комплекс (ЭОУК), дистанттык окууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн эске алып, студенттердин өз алдынча иштешин камсыз кылышы керек.

2. ЭОУКтардын жазылышы жана техникалык жасалгаланышы дистанттык окуунун өзгөчөлүктөрүнө шайкеш болуп, интернет аркалуу пайдаланганга ыңгайлуу болушу керек.

II. Электрондук окуу усулдук комплекстин курамы

 Электрондук окуу усулдук комплекстин курамы:

1. Дисциплинанын жумушчу программасы.

2. Темалар боюнча лекциялардын толук конспекти.

3. Негизги жана кошумча адабияттардын, электрондук булактардын тизмеси.

4. Ар бир тема боюнча өз алдынча иштөө үчүн суроолор.

5. Өзүн өзү текшерүү үчүн тестик суроолор.

6. Курстук проектилерди, иштерди, контролдук иштерди, рефераттарды даярдоо боюнча усулдук көрсөтмөлөр.

7. Маселе жана мисалдардын жыйнактары, усулдук көрсөтмөлөр.

8. Лабораториялык иштерди аткаруу боюнча көрсөтмөлөр.

9. Көрсөтмө материалдар, сүрөттөр, таблицалар, графиктер ж.у.с.

10. Видео - материалдар.

11. Компьютердик программалар.

12. Жекече жана жалпы консультациялардын графиги, убактысы.

 

III. Дисциплинанын жумушчу программасы, дисциплинаны окуп үйрөнүү боюнча усулдук көрсөтмөлөр

1. Дисциплинанын жумушчу программасы Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде, ЖАМУда кабыл алынган эрежеге ылайык түзүлөт. 

2. Дисциплинанын жумушчу программасында:

- темаларды окуп үйрөнүү боюнча убакыттын бөлүнүшү, усулдук көрсөтмөлөр;

- өз алдынча суроолор, тапшырмалар, аларды аткаруу боюнча көрсөтмөлөр;

- негизги жана кошумча адабияттардын, электрондук булактардын тизмеси;

- сынактарга (зачет, экзамен) суроолор,

- тестик тапшырмалар;

- окутуучулар жөнүндө маалыматтар жана алардын электрондук даректери, байланышуу боюнча көрсөтмөлөр.

 

IV. Темалар боюнча лекциялардын толук конспектин даярдоо боюнча усулдук көрсөтмөлөр

1. Лекциялардын конспекти, дисциплинаны окуп үйрөнүү үчүн негизги булак, аларды пайдаланып студент дисциплинаны өздөштүрөт жана сынактарды тапшырат. Ошондуктан конспекти жумушчу программаны толук камтышы керек. 

2. Коспектиде бөлүмдөрдүн, темалардын, суроолордун аталыштары жумушчу программага толук дал келиши керек.

3. Коспектиде жумушчу программада болгон баардык суроолордун, тестик тапшырмалардын толук жообу болушу керек.

4. Студенттердин оз алдынча дисциплинаны окуп үйрөнүшү үчүн лекциянын материалдарын алдын ала ойлонуштуруп, системалаштырып жайгаштыруу керек. Салттуу түрдө темалар, суроолор  ирээт менен берилип, аларды сунуш кылынган тартипте окуп үйрөнүү талап кылынат. Дистанттык окууда, электрондук конспектиде темаларды, суроолорду маанисине жараша башка темалар, суроолор менен кайчылаштырып окуп үйрөнүү сапаттуу билим алууга негиз болот. Анткени тиешелүү материалдарды, суроолорду каалаган жерден гипершилтеме (гиперссылка) түрүндө берсе болот, жана бул максатка ылайыктуу болот. Кошумча материалдар башка адабияттардан, маалымат булактарынан болушу мүмкүн.

 

V. Электрондук окуу усулдук комплексти бекитүү жана пайдалануу

1. ЭОУК талкууланып, кафедрада, ОУСДа бекитилип, пайдалануу үчүн ДОБга тапшырылат. ДОБ ЭОУКтун кабыл алынып, пайдаланууга берилгендиги жөнүндө, окутуучуга белгиленген үлгүдө тактама берет.

2. ЭОУК усулдук иш катары катталат.

 

 ДОИнин директору                                                   А. Каримов

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ

ОУСД директору                                                                  Ч.Ш. Исмаилова


Oloconsoft © 2024